Өзбекстанда чиновниктердин салмагы көзөмөлгө алынат

Өзбекстандын Дене тарбия жана спорт министрлиги чиновниктердин ашыкча салмагын көзөмөлгө алат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, көзөмөлдөө үчүн атайын онлайн режиминде тутум 2021-жылдын 1-июлдан тарта иштеп баштайт.

"Алгач чиновниктердин семирүүсүн баалоонун критерийлери иштелип чыгып, андан кийин рейтингдин негизинде анализдөө жана жыйынтыктар онлайн мониторинг менен чыгарылат.

Ошондой эле, 2021-жылдан тарта мамлекеттик кызматкерлер үчүн жумуш учурунда гимнастика кылууга атайын тыныгуулар берилет", -деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин, 30-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев "Дени сак жашоону кеңири жайылтуу жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча чаралар" жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Документте 2021-жылдын 1-январынан тарта мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызматкерлери "семирүүнүн алдын алуу жана ден-соолукту чыңдоо" максатында жумасына жок дегенде бир жолу спорт менен машыгуулары каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан