Якутияда антисептик ичип, 7 адам каза болгондон кийин аны сатууга тыюу салынды

Якутияда антисептик ичип, 7 адам каза болгондон кийин аны сатууга тыюу салынды. Мындай чечимдин чыгышына 18-ноябрда 7 адамдын каза болгондугу себеп болгон. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Свердлов районунда чыгарылган антисептиктин курамында 69 пайыз метил спирти бар. Алар 5 литр бөтөлкөлөргө куюлуп, сатылып жаткан. Антисептикти ичип алып, 7 адам каза болду. Мындан улам аны сатууга тыюу салуу токтому кабыл алынды. Аталган токтомго Якутиянын санитардык башкы дарыгери Маргарита Игнатьева кол койгон.

"18-ноябрда Томтор кыштагынын жашоочусу 5 литр бөтөлкөдөгү антисептикти сатып келип, аны 9 адам ичкен. Алардын баары ууланып, жетөө каза болсо, экөө ооруканада комада жатат. Бул иш боюнча кылмыш иши ачылды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nadirabeby
2020-11-25 03:02:44
Антисептикти колго сепкиле деп чыгарып атса ээээк,бирок биздеда бар бетке сепчуу койлор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан