Биз социалдык тармакта

Бишкектеги базарларда ВИЧке акысыз тестирлөө жүргүзүлөт

Бишкек шаарындагы ири базарларда ВИЧ, сифилис, гепатит В жана С`га акысыз тестирлөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу республикалык “СПИД” борборунан билдиришти.
"23-ноябрдан тартып Бишкек шаарынын базарларында ВИЧ, сифилис, В жана С гепатитине тестирлөөнү баштайт. Бардык каалоочуларды (тест тапшырган жарандардын аты-жөнү жашыруун болот) өзүнүн ден соолугунун абалын билүүгө чакырабыз.
Бул акысыз текшерүү Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өтөт", - деп айтылат маалыматта.
Мобилдик тестирлөөнү өткөрүү орду жана убактысы:
Тестирлөөнүн убактысы 10:00дө башталып 15:00гө чейин :
“Ош” базары - 23-24-ноябрь;
“Аламедин” базары - 25-26-ноябрь;
“Сары-Өзөн” базары - 27-28-ноябрь;
“Дордой-Дыйкан” базары - 30-ноябрь;
“Орто-Сай” базары - 1-декабрь.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан