Биз социалдык тармакта

Парламент комитетинде 2020-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 5,3 пайыз төмөндөшү мүмкүн экени айтылды

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Анда быйылкы жылдын бюджетинин параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү коронавирус пандемиясынын кесепети жана республикадагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн өзгөрүшү менен шартталганы айтылды.

"Ошондой эле 5-6-октябрдагы окуялардан кийин пайда болгон социалдык маанидеги жаңы демилгелердин чыгашалары да кошулууда. Берилген маалыматка ылайык, 2020-жылы ИДПнын көлөмү 5,3 пайыз төмөндөшү күтүлүүдө. Өнөр-жай жана тейлөө тармагында 9,1 пайыз деп бекитилген өсүшкө жетпей, 4,8 пайызга төмөндөшү байкалууда. Ал эми курулуш жана айыл-чарбасында да өсүү темпи 2,9 пайыздан 2 пайызга чейин төмөндөөдө.

Айлык акыны жогорулатууда көп айырмачылык жок. Маселен орточо айлык акы 2020-жылы 17 миң 955сом деп белгиленген болсо, ал 18 миң 24 сомго көбөймөкчү. 2021-жылы орточо айлык акы 200 сомдун тегерегинде көтөрүлүшү ыктымал", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан