Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы 3 күнгө өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 24-27-ноябрь күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга жер алдынан өткөн түтүктөн сыртка чыгып жаткан газды токтотуу үчүн жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштери себеп болууда.

Газ өчүрүлчү аймактар:

  • Кызыл куруучу шаарчасы;
  • Элебесов көчөсүнүн Коллективная, Аул, Новосельский жана Кичи Чүй каналынын ортосундагы бөлүгү;
  • Сары-Челек, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Зеленый, Новый, Колхозный, Заводской көчөлөрүнүн жана айланма жолдун айрым жерлери;

Бардыгы болуп 3 миң 920 абоненттен жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт .

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан