Биз социалдык тармакта

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Савай айылынын башчысын кабыл алды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Савай айылынын башчысы Мунарбек Сайпидиновду кабыл алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Төрага УКМКнын кызматкерлерине доомат коюп видеокайрылуу тараткан Сайпидиновду кабыл алып, жүйөсүн укту. Жыйынтыгында Камчыбек Ташиев тиешелүү тараптарга видеокайрылууда айтылган айыптоолор боюнча ар тараптуу жана тыкыр иликтөөнү тапшырды" , - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Ташиев УКМК саясаттан тыш экенин билдирип, эч качан саясий мотивдер менен иш алып барбасын айтканы маалымдалат.

Эске салсак, 2020-жылдын 18-ноябрында УКМК Кара-Суу районунун Савай айылынын башчысы Мунарбек Сайпидинов менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйүн тинтүүгө алган. УКМКнын маалыматына ылайык, өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн.

Окуядан соң Мунарбек Сайпидинов туугандарына жана Турганбаевдин апасына орой мамиле жасалды деп УКМКнын кызматкерлерин айыптап, видеокайрылуу жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond
2020-11-23 22:12:11
Раим звонок кылган го менин өкүл баламды кабыл ал деп.
-5
Asel69
2020-11-23 22:34:21
Азыр соцтармактарда Садырды фанат туткан зөкүр, зордукчул фанаттар жүрүшөт. Садырдын жасап жаткан кара ниет ишине сын пикир айтсан дароо жаман создор менен каргап шилеп, коркутууга отушту. Бул эмне Садыр турмодон уйронгон ыкмаларын фанаттарына уйротуп жатабы. Кыргыз элим Кыргызстанда бир адамды, молдолорду, даваатчыларды фанат тутпайлы. Фанат туткандан жашоо турмушубуз онолуп кетпейт. Кооз создордун артында Садын жеке кызыкчылыгы турат.
-11
Nurik1988
2020-11-23 23:00:15
Asel69,ээ коро албастар башкаларын не кылып кыйраты иштеп атат иштей берсин баардыгына закон бирдей
+8
AdylbekB84
2020-11-24 02:26:37
Asel69,Жапаровко асылсаң асыла бер бирок дааватчы, молдолорго асылбай эле кой!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан