Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Невск районунда 15 жаштагы кыргыз кызы 50 таблетка дары ичип алып оор абалда ооруканада жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Тез жардам" кызматына 22-ноябрь күнү таңкы саат жетилер чамасында Искровск проспектисиндеги батирлердин биринен чалуу келип түшкөн. "Тез жардам" кызматы аталган дарекке барганда 15 жаштагы кыргыз кызы 50 таблетка дарыны бир маалда ичип алгандыгы белгилүү болгон.
Кызга курч уулануу диагнозу коюлуп, учурда оор абалда ооруканада жатат. Ал эми кыздын ата-энеси анын буга чейин өзүн өлтүрүүгө аракет жасабаганын билдиришкен.