Биз социалдык тармакта

Эне тилге эки мүнөт: "Оорулуунун абалы колтук кагып, араң жан". Колтук кагуу деген эмне?

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Жолуна чылбыр таштоо - бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тосуу, тоскоолдук кылуу. Мисалы: Ак жолума кимде ким чылбыр таштап, куранды аттай турган болсо, ар кимиңди мына ушундай жазалайм. (К.Жоошбаев)
2. Колтук кагуу - араң эле жаны турат, алсыз, күч-кубаты жок, өтө начар абалда болуу. Мисалы: Оорулуунун абалы колтук кагып, араң жан. ("Манас")
3. Коломтосун сыйпалатуу - таптырбай кетүү, дайынын билдирбөө, куйрук түйүү. Мисалы: Урушта туруш жок, токтоосуз көчөлү, Молдоке, Жалийге коломтоңузду сыйпалаталы, жер чапчып калсын, - деди Кашгари (Ш.Бейшеналиев)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан