Биз социалдык тармакта

Феликс Кулов: "Жапаров өзүнүн интригаларына мени аралаштырбасын"

Кечээ, 23-ноябрда Садыр Жапаров 7-каналга маек берип, анда саясатчы Өмүрбек Текебаевдин орусиялык ишкер Леонид Маевскийден "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алганы чын деп айткан. Ал муну бардык саясий элиталар, керек болсо Кулов да тастыктай ала турганын билдирген.

Бүгүн, 24-ноябрда бул айтылгандар боюнча саясатчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берип, билдирүү таратты.

"Азыр мага Садыр Жапаровдун сөзүн айтышты. Мен жөнүндө айтылган бул сөздөр эмнеге негизделгенин билбейм, бирок тергөө учурунда жана сотто ант берип, айткандарымды гана кайталай алам. Менден 2010-жылы 21-декабрда Текебаев кайда деп сурашкан, анткени Маевский ошол күнү парламенттин имаратында Текебаев менен жолуккан.

Ошондуктан, биз аны издеп жатканбыз, бирок ал жумушта жок болчу, мага ал туулган күнүн белгилөө үчүн кеткен деп кабарлашкан. Эсимде, ушул маалда мен Текебаев улуу адам экен, ал 21-декабрда Сталин менен бир күндө төрөлгөн экен деп тамашалагам. Бирок кийинчерээк анын туулган күнү 22-декабрь деп айтышты.

Жалпысынан биз аны тапкан жокпуз жана “Ата-Мекен” фракциясы менен биздин “Ар-Намыс” фракциясы анда оппозициялык коалиция түзгөн эмес. Мен бул датаны кокустан жаттап алып, анын ишине күбө болуп калдым. Эми Садыр Жапаровдун бүтүндөй саясий элита деген билдирүүсү боюнча сотко кайрыл, жарандык милдетиңди аткар жана ошол жерде керектүү далилдерди бер, бирок мени интригаларга жана жалгандарга аралаштырба деп айткым келет", - деген Кулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
bekov01
2020-11-24 10:12:33
Текебаев менен Феликс Кулов Рысбек Акматбаевди чогу жок кылышкан булар бири бирин сатпайт
+14
Agayu
2020-11-24 11:11:28
Ой өтө көңүлү назик киши го : Сен баарына аралашкансың: Садыр аралштырбаса да биз билебиз : сенин качанкы чиновник экениңди
+10
Asel69
2020-11-24 11:34:02
Садырдын легитимсиз бийлиги Кыргызстандын проблемасын кобойтту. Азыр биз экономиканы кантип ондойбуз, коронавирустан элди кантип коргойбуз деген суроону талкуулашыбыз керек болуп турса, кайдагы бийликти чыноо менен алек. Эгер Садыр элдин турмушун ондойм десе ага чексиз бийликтин кереги жок. Болгону тураа демилгелер болсо болот. Садырдын наглый саясаты уланып жатат. Элдин кобу Садырдын ишине канаттанбай калышты
-5
Arzybekkg
2020-11-24 12:10:20
Asel69,эжесизби карындашымсынбы билбедим. Бирок сен эл бузар экенинди билип турам. Ким легитимдуу ким легитимсиз экенин чече турган сен эмессин.. Элдин копчулугу С. ЖАПАРОВДУ колдойт
+5
make2
2020-11-24 13:06:25
Asel69, Эң туура кошулам ар кимди жамандап баштады, уят президетке татыктуу эмес, Мадумаров эле калды татыктуу
-7
Asanali
2020-11-24 18:07:13
make2,Амей Койчу ай
+3
Bakbai
2020-11-24 18:03:58
Asel69,боктун ыссыгын жепсин
+2
Asanali
2020-11-24 18:06:16
Asel69,сен канаттанбасан озунду эле кошуп айт, элди кошпой. Мен кылган ишине канаттанып жатам.
+1
Luna15
2020-11-24 21:52:42
Жапаровду колдойбуз!
+1
Maxatbek
2020-11-25 05:15:14
Жапаров айткан сөздөр президент боло турган адам айта турган сөздөр эмес, көчөдө ойду-келди сүйлөшүп жаткандай интервью бериптир, эл бир аз эйфориядан чыкса болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан