Реформа партиясынын 8 мүчөсү чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, алардын партиядан чыгып кетүү себептери белгисиз.
Партиядан чыгып кеткендердин тизмеси:
1) Урмат Жаныбаев - саясий кеңештин мүчөсү, партиянын төрагасынын орун басары;
2) Азият Жекшеев - саясий кеңештин мүчөсү, партиянын төрагасынын орун басары;
3) Али Шабдан - саясий кеңештин мүчөсү:
4) Назгүл Шекекова - саясий кеңештин мүчөсү;
5) Урмат Казакбаев - партиянын мүчөсү;
6) Кубанычбек Ибраев - партиянын мүчөсү;
7) Таалай Мукамбетов - партиянын мүчөсү;
8) Сагындык Абадбек уулу - партиянын мүчөсү;