Финпол Бишкектин Октябрь районунун акими "коррупция" беренеси менен кармалганын маалымдаган. Расмий маалымат тарагандан кийин Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирүү жасап, акимди кызматка алганы үчүн өкүнгөнүн белгиледи.
"Октябрь районунун акими Куценкону текшербей кызматка алганым үчүн кечирим сурайм. Ниетибиз түз, оюбузда жамандык жок эле. Бирок ал киши да бизге эч нерсе айткан эмес. Мындан ары абайлап, сак болобуз", - деген.