Ош облусунун Ноокат районунда добуштарды сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Башкы прокуратура социалдык тармактардагы белгисиз атуулдар көк түстөгү Хюндай-Портер үлгүсүндөгү автоунаада президенттикке талапкер С.Н.Жапаровдун атынан азык-түлүктөр таратылып жаткандыгы тууралуу тараган тасма боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.
Аталган жагдай боюнча, тасмадагы автоунаа Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын тургуну Ш.З.М. аттуу жаранга тиешелүү экендиги аныкталган.
Окуя боюнча топтолгон материал 2020-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаардык ИИББы тарабынан жазык кодексинин 192-беренеси (Шайлоочуларды сатып алуу) менен реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды", - деп жазылат билдирүүдө.