Концерт Бириккен улуттар уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгү жана “Супер-Инфо” гезити, SUPER.KG сайты тарабынан уюштурулуп, Швейцариянын өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашат.
Бул күндү дүйнөнүн активист айымдары 1981-жылдан баштап белгилеп келишет. 1999-жылы 17-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы 25-ноябрь - Аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн эл аралык күрөшүү күнү деп жарыялаган. Бириккен улуттар уюму дүйнөдөгү бардык бейөкмөт уюмдары менен эл аралык уюмдарга бул күнү иш-чараларды өткөрүп, аталган көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бурууга чакырган.