Депутат Үмбеталы Кыдыралиев дипломаттардан акча аябоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Тышкы иштер министрлигине бөлүнгөн каражаттар тууралуу айтсам, тышкы карыздарды реструктуризациялоо багытында иш алып барган дипломаттардан акча аябоо керек", - деди ал.
Депутат Айнуру Алтыбаева "Тышкы карызды төлөө мөөнөтү кечиктирилип жаткан жокпу?" деп сурады. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков бардык каржылык милдеттемелер аткарылып жаткандыгын билдирди.
Учурда бюджет тууралуу мыйзам долбоору каралууда.