2021-жылы калкты жумуш менен камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков билдирди.
"2021-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы киреше бөлүгүндө 163 миллиард 26 миллион сом каралган. Ал эми чыгаша бөлүгү 170 миллиард 64 миллион сом болору болжолдонууда. Ага ылайык, бюджеттеги таңсыктык 7 миллиард сомго жетет. Ошондой эле кийинки жылы салыктык түшүүлөр 89 миллиард 850 миллион сом, бажы төлөмдөрү 52 миллиард 384 миллион сом болору пландалууда", - деди ал.