Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! 28-29-ноябрда өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлүп, абанын температурасы төмөндөйт

28-ноябрда жана 29-ноябрда республиканын аймагында түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.

29-30-ноябрда абанын температурасы абдан төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, түндүгүндө -12…-17, күндүз -4…-9;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10, чыгышында -8…-13 суук, күндүз 0…-5;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11;

бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -13…-18 суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан