Бишкекте 1-декабрдан тарта бир катар объекттердин иши жанданат. Тизмеде кинотеатрлар, театрлар, фудкорттор, компьютердик клубдар да бар.
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, санитардык эрежелерди сактоо менен компьютердик клубдардын иши дагы жанданат. Анда клубдун ичине 100 эмес, 50 пайыз киши чогултууга уруксат берилет. Ал эми мектеп окуучуларын сабак учурунда клубга кирүүсүнө уруксат берген ишкана дароо жабылат деп айтылат билдирүүдө.