Улуттук статистика комитети өлкө боюнча ар кандай ишмердиктин түрлөрү боюнча статистика жүргүзүп, ким канча айлык маяна аларын жана бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,6 эсеге жогору болорун аныкташты.
Ага ылайык, республикада экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча жумушчулардын орточо эмгек акысы айына 9 миңден 36 миң сомго чейин түзгөнү маалымдалат.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысы 23,6 миң сомду түздү жана бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысынан 1,6 эсеге жогору болду.
2020-жылдын январь-сентябрында бюджеттик жана бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы (сом менен)
