Биз социалдык тармакта

Баткенде өзбекстандын колдоосу менен башталган оорукананын модулдук курулмалары орнотулуп бүттү

Кошуна Өзбек Республикасынын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда курулушу башталган 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын модулдук курулмалары орнотулуп бүттү.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулууда.

"Учурда оорукананын чатырын жабуу, суу, электр энергиясын жеткирүү аракеттери көрүлүп, канализация жана ички жумуштары жасалууда. Курулушта 45 жумушчу иштеп жатат", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан