Биз социалдык тармакта

Аялдар төшөктү кандай учурда каалашат?

Чыр-чатактан кийин
Жубайлар (өнөктөштөр) бири-бирине ачуусун бүркүп алышкандан кийин эркектердин каны кайнап чыкса, аялдардын жүрөгүнүн согуусу ылдамдайт. Кыскасы жубайлар буктарын чыгарып алган соң, бири-бирине тартылып чыга келишет. Аялдардын сексуалдык каалоосу кү­чөп, өнөктөшү­нүн күчтүү кучагын эңсейт.

Күтүлбөгөн бактылуу учур
Аялдар өздөрү да күтпөгөн ийгиликтен кийин төшөк кумарына батууну эңсеп чыгышат. Ушундай маанайдан пайдаланып, жубайыңыздын мыктылыгын төшөктө сынап көрсөңүз болот.

Кызганыч
Аялдар күйөөсүнө башка аялдын көзү түшүп жатканын байкаган учурда төшөк оюнун курал катары колдонушат. Ошондуктан, сексуалдык каалоосу күчөп, жубайынын ысык койнун самап калат.

Кечеден кийин
Жакын достордун чөйрөсү, жай музыка, ичимдик, аялдарга романтикалык маанай тартуулайт. Мындай кечеден кийин аялдар өздөрүн бактылуу сезип, жубайынын кучагында балкыгысы келет.

Эротикалык фильм
Аялдар эротикалык кинолорду көргөн соң, төшөк кумарына болгон каалоосу козголот. Мындай учурда жубайын укмуш ырахатка батырат.

Узакка көрүш­пөө
Узакка көрүшпөө аялдарга чоң таасир берет. Эгерде телефон менен гана сүйлөшүп, аял өнөк­төшүн бир нече күн көрбөй калып, анан кезиксе, алар төшөк кумарына батууга ашыгышат.

Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №212 санына жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
oshondoiraak
2020-11-26 18:40:40
Эротика коруп де, адат болуп калбайбы екен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан