Биз социалдык тармакта

Сокулукта 6 жаштагы өгөй баласын сабаган жаран үй камагына чыгарылды

Бүгүн, 25-ноябрда Сокулук райондук соту 6 жашар өгөй баласын сабаган жаранды 2 айга үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сокулук райондук соту алты жаштагы өгөй уулун сабаган А.Б.га карата баш коргоо чарасын карады. Андан 2 айлык мөөнөткө жазуу түрүндө эч жакка кетпөө милдеттенмесин алып, үй камагына чыгарды", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 6 жашар бала катуу сабалганы кабарланган. Анда баланын апасы күйөөсүнө карата тиешелүү чара колдонууну өтүнүп, милиция кызматкерлерине кайрылган.

Ал эми 23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы 6 жашар баланы аёосуз сабаганга шектелген жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aimani
2020-11-25 19:49:49
Эми дагы акчасын алып биротоло бошотуп жибергиле анча болду. Анан кантип токтойт балдарга зомбулук көрсөтүү.
+4
Daniel8885
2020-11-25 19:49:53
Андайларды каттуу козомолдо керек..барып алып уйундо дагы иш корсотпосун
+3
Jibakana
2020-11-25 20:14:38
Байкуш баланын мамасы сволочь экен..
+5
O.dembele
2020-11-25 22:18:59
Бийликти куноолобой тургула,апасы тосмо арыз жазыптырго
+3
Kyrgyz_bloger
2020-11-25 22:51:01
Бизде мыйзам иштебейт экени дагы бир жолу далилденди
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан