Биз социалдык тармакта

Баткенде Өзбекстандын колдоосу менен башталган оорукананын модулдук курулмалары орнотулуп бүттү

Баткенде коңшу Өзбекстандын колдоосу менен курулуп баштаган оорукананын модулдук курулмалары орнотулуп бүттү. Бул тууралуу облустук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Өзбекстандын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда курулушу башталган 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын модулдук курулмалары орнотулуп бүттү.

Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулууда", - деп билдиришти мекемеден.

Учурда оорукананын чатырын жабуу, суу, электр энергиясын жеткирүү аракеттери көрүлүп, канализация жана ички жумуштары жасалууда. Курулушта 45 жумушчу иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaynak
2020-11-26 14:22:05
Рахмат кошуналарга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан