Биз социалдык тармакта

8 жана 11 жаштагы балдар изделет! Эжеси менен иниси сейилдөөгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз

Бишкектеги 6-кичи районунан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 8 жаштагы Барсбек жана 11 жаштагы Даткайым изделет.

Дайынсыз болуп жаткан балдар эже-ини. Алар кечээ, 25-ноябрда эртең мененки саат 10:30дар чамасында 6-кичи районундагы үйүнөн сейилдөөгө чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Үйүнөн чыгып кеткендеги кийимдери: 11 жаштагы Даткайымдыкы түстүү күрмө, кызгылт түстөгү шым жана топу, кочкул кызыл түстөгү бут кийим. 8 жаштагы Барсбектики күрөң-жашыл (хаки) түстөгү күрмө, кара бут кийим, кара топу жана кочкул кызыл шым.

Изделип жаткан балдар тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, 0 559 942029 , 0 555 945858 номурларына байланышып коюуну жакындары суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан