Биз социалдык тармакта

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан бир туугандар Жалал-Абадда экени белгилүү болду

Кечээ Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан бир туугандар аман-эсен табылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-ноябрь күнү Октябрь РИИБине К.Д аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 10:20да 6-кичи районунда жайгашкан батирлерден 2009-жылы туулган Салижанова Даткайым жана 2012-жылы туулган Салижанов Барсбек аттуу балдары сейилдөөгө чыгып кеткен бойдон кайтып келбегени жазылган.

Милиция кызматкерлери тарабынан издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 26-ноябрда түнкү саат 01:40 чамасында балдардын атасы телефон чалып, жоголгон балдар аман-эсен Жалал-Абад облусунда экенин билдирген.

Дайынсыз жоголгон С.Д жана С.Бнын ата-энеси милиция кызматкерлерине издөө, көңүл буруу, оперативдүүлүк жардамы үчүн ыраазычылык билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rola
2020-11-26 18:54:31
Бир кун издетип ата-энесин канча жылга каарытты экен.Эненин коону балада,баланын коону талаада экенда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан