Нарын облусунун Нарын шаарынын аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жер-жерлерде жол кырсыктарын азайтуу жана алдын ала чара көрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Анда Нарын шаарындагы автобекетте коомдук транспорт жана таксисттерге жол кыймылынын эрежелерин, айрыкча ылдамдыкты так сактоо боюнча жана техникалык абалына көбүрөөк көңүл буруу, жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу багытында текшерүүлөр уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.