Биз социалдык тармакта

Ноокенде түнкү рейдде баңгизаты менен 57 жаштагы жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Өспүрүм-түн" аталышындагы рейд өткөрдү. Анда өспүрүмдөрдүн түндө себепсиз коомдук жайларда жүргөн учурлары көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чараларынын жүрүшүндө жашы жете электер тарабынан жасалган 2 уурулук фактысынын бети ачылган. Ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок, түнкү убакытта көчөдө жүргөн 10 өспүрүм аныкталып, тиешелүү жумуштар аткарылган. Мындан сырткары Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жашоо шарты оор абалда болгон 1 өспүрүм аныкталган. Топтолгон материалдар Ноокен райондук эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмүнө жана балдар иши боюнча комиссиясынын кароосуна жөнөтүлгөнү маалымдалды.

"Рейд учурунда 1963-жылы туулган К.Э. аттуу Ноокен районунун тургуну 500 грамм чамасындагы баңгизаты менен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Мындан сырткары РИИБдин кызматкерлери тарабынан мал уурулуктардын алдын алуу багытында район аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sabyr_Baymatov
2020-11-26 13:39:25
Гүлдана эже, саламатсызбы? Кочкор-Ата шаары Ноокен районуна карабайт. Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу Таш-Көмүр, Кара-Көл, Балыкчы өңдүү шаарлар эч кандай районго карабайт.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан