Депутат Сагындык Келдибаев Бишкек эң кир шаарга айланганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бишкек убагында эң жашыл таза шаар болчу. Азыр эң кир шаарга айланды. Токтом кабыл алынды эле иштебей жатат. Башка өлкөлөрдө катализатору жок унааларды жүргүзбөйт. Бул боюнча иш алып баруу керек", - деди ал.