Депутат Дастан Бекешев өкмөттү аралыкта окутуу боюнча бир чечимге келүүгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кафелерде куран окутуулар болууда. Мектептер, бала бакчалар ачылбай жатат. Бир чечимге келиш керек. Онлайн окутуу такыр эле болбойт. Нааразы болуп жаткандар көп. Балдарыбыз билимсиз болуп калат. Ата-энелер да жумушка бара албай жатышат.
Жогорку окуу жайларда сабактар онлайн болсо да, контракттардын баасы ошол бойдон турат", - деди ал.