Коронавирус илдетине каршы күрөшүүдө кампаларда 2 айга жетчүдөй дары-дармектер бар. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.
"235 миллион сомго медициналык дары-дармектер сатылып алынды. Алар билдирмелерге жараша аймактарга таратылып берилип турат. Биздин өлкөгө дары-дармектер тыштан ташылып келет. Фармацевтикалык кампаларда 2 айга жете тургандай дары-дармек бар экендигине кепилдик бере алабыз.
Мындан сырткары коронавирус илдетин дарылоо протоколу дүйнө жүзү боюнча бирдей. Мындан улам айрым дары-дармектерге болгон тартыштык бар. Бирок 14 позиция боюнча кампаларда алардын ордун алмаштырган дарылар бар экендигин билдирем", - деди Эльвира Сурабалдиева.