Бишкекте эки "Тез жардам" борбору бар. Учурда 38 мобилдик бригада иштейт. Бул борбор калаадагы бардык адамдарга жардам көрсөтүүдө - жетишпейт. Бул тууралуу брифингде вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.
"Учурда борбор калаабызда эки "Тез жардам" борбору анын ичинде 38 бригада элге кызмат көрсөтүп келет. Бул албетте миллиондон ашуун калкы бар калаа үчүн, аздык кылат деп ойлойм", - деди Эльвира Сурабалдиева.