Социалдык тармакта ушул жылдын ноябрь айынын башында "Чолпон-Ата шаарында газ баллон жарылып, бир үйдөн өрт чыкты. Анда балдар денесинен күйүк алып, жардамга муктаж деген билдирүүлөр таркап кеткен. Бул маалымат боюнча ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-ноябрда маалымат таратты.
Анда аталган окуя Казахстандагы Кызыл-Орда шаарчасындагы 2016-жылдын 2-ноябрында болгон.
"ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы билдиргендей, маалыматты тактоо учурунда 101,102,103,112, кызматтарына ушундай өрт боюнча маалымат түшкөн эмес, жана мындай адамдар Чолпон-Ата шаарында жашабагандыгы аныкталган. Интернет булактарында жүргөн жардамда 0555 25 60 07 номери көрсөтүлгөн. Тактоо ирээтинде, аталган номерге чалганда, жооп берген эмес, ал эми 25-ноябрда чалган учурда өчүк болуп калган. 2020-жылдын 18-ноябрында Ысык-Көл райондук администрациясынын коллегиясында ушул маалымат дагы көтөрүлгөн жана Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри, айыл өкмөт башчылары тарабынан мындай окуя болбогондугу такталган", - деп жазылат маалыматта.
Мындан улам аталган билдирүүдө ошол өрт кырсыгынан жабыр тарткан бөбөктөрдүн сүрөтү колдонулушу мүмкүн.
Бул окуяны SUPER.KG порталы дагы иликтеп, бул окуя Кыргыз өлкөсүндө катталбаганын тактаган.