Биз социалдык тармакта

Депутат Икрамов өкмөт коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан келген каражаттарды максатсыз пайдаланып жатканын айтты

Депутат Тазабек Икрамов өкмөт коронавируска каршы күрөшүү үчүн сырттан келген каражаттарды максатсыз пайдаланып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"343 миллион доллар сырттан грант, карыз түрүндө келди. Бул азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу жана коронавируска каршы күрөшүү үчүн келген акчалар. Тилекке каршы, өкмөт сырттан келген акчаларды максатсыз пайдаланып, айлык акы, пенсияга берип жатат. Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу жана коронавируска каршы күрөшүүгө пайдаланылган жок. Муну билген донорлор жардамды кыскартып коюшу мүмкүн. Эмне үчүн өкмөт каражатты максатсыз пайдаланып жатат? Эмне үчүн ишкерлерге толук кандуу мумкүнчүлүк түзбөй жатат? Ишкерлерден негизсиз акчаларды чогултуп жатышат. Өкмөттүн жоопкерчилиги боюнча маселени күн тартибине киргизүу керек", - деди Икрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asyl1998
2020-11-26 14:26:15
Келген акчалардын 10 пайзын эл корсо корду, корбосо жок. Эл баягы эле шорду жээмин жедирип эле басып журот. Анан аягы келип, туштон кийин Садырга окшоп калп чынын аралыштырып кыйкырып койгондорду ээрчип, ага сыйынып олтуруп кайра эле куру жалак калышат. Негизи Садыр президенттике талапкер болбой эле, турмодо вор болуп шайланса болмок. Ошол жерден каалаган ханституциясын жаса берсин. Байкуш элим ушундай наадандардын айынан кайра эле тас кейпибизди кийип калдык.
-2
rola
2020-11-26 18:27:44
asyl1998,Акылын иштебесе тас кейпинди киесинда.Жапаровтун биринчи душманы экенсин!
+2
Kuban-1207
2020-11-26 14:34:08
Коронавируска келген акчаларды Жеенбековдор жеди Садыр кечее эле келди Жапаровдан башкалары бүт жегичтер
+2
Kuyoo_bala
2020-11-26 15:15:04
Садыр бир айда жеп койгонго үлгүрүптүрбү,койсоңор эй,чукулабай жөн отургула,сөөмөйүнөрдү сындырам,өзүңөрдүкүн чукугула кычышып атса.
0
al-abu-kinesz
2020-11-27 02:00:42
Азыр Садыр Нургожоевичтин каршылаштары жумурткадан кыр издеп аткан учуру, максаты эптеп элге жаман корсотуп мурунку чимкиричествону кайра орнотуу. Булар тирилип баш которуп башташты окшойт теке баш болуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан