Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты, тарыхчы Гапыр Мадаминовдун "Акыл эмгегинин маданияты" аттуу китеби англис жана түрк тилине которулду. Бул тууралуу педагогдун кызы Гүлсара Мадаминова билдирди.
Анын айтымына караганда, аталган китептер электрондук вариантта.
"Китеп англис тилине "The Culture of Intellectual labor", түрк тилине "Öğrenmeyi Öğrenmek" (Үйрөнүүнү үйрөнүү) аталышында которулду. Китеп электрондук вариантта. Түркчө котормону Ибрахим Түркхан агай ишке ашырды, ал эми англис тилине Ататүрк Ала-Тоо университетинин мугалимдери (Алимжан Закиров, Толгонай Алайбекова жана Махабат Токталиева) которушту", - деди Гүлсара Мадаминова.
Гапыр Мадаминов "Ой өрүшү - кругозор", "Устаттык өнөр", "Ата-энелер сиздер үчүн" жана башка бир канча китептердин автору.