Коронавирус тиштин бүйлөсүн жабыркатып эрте түшүшүнө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу дарыгер-адистердин билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, COVID-19 менен жабыркаган айрым бейтаптар себепсиз тиштин түшүп калгандыгына нааразы болушкан. Айрымдарынын бүйлөсү сезгенип, тиштери карарып же чирий баштагандыгын айтышкан.
Адистер инфекциядан кийинки калыбына келүү мезгилинде бейтаптардагы тиш көйгөйлөрү курчуп, кооптуу болушу мүмкүн экендигин айтышкан. "Коронавирус өпкөгө гана эмес, нерв клеткаларына, ошондой эле тиштин кан тамырларынын жабыркашына алып келет" деп билдирген кан тамыр ооруларын изилдөөчү дарыгер Уильям Ли.
Буга чейин иммунолог-дарыгерлер COVID-19 менен ооруган адамдардын эң биринчи эс тутуму начарлап, жыт сезүү, угуусу жана даам сезүүлөрү жоголуп, дененин күч-кубаты төмөндөөрү сыяктуу белгилерин айтып келишкен.