"Аламүдүн" базарынан чыккан өрттөн каза болгондор жана жабыркагандар жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өрт өчүрүү кызматынын кызматкери билдирди.
"Өрт өчүрүү үчүн 1 бригада тартылып, толугу менен 15 мүнөттө өчүрүлгөн. Өрт чыккан жай чакан насыя берүүчү компания болгон 60 чарчы метр жер өрттөнгөн. Өрттүн эмнеден улам чыккандыгы азырынча белгисиз. Жаракат алган жана каза болгондор жок", - деп билдиришти.
Ал эми базарда чай сатып иштеген сатуучу: "Кара түтүн уюлгуп чыкканда эле көрүп калдым. Элдер ызы-чуу түшүп калды. Өрт өчүрүүчүлөр бат эле келип өчүрдү, бирок көп нерсе күйүп кетти окшойт", - деди.