
Бүгүн, 27-ноябрда Билим берүү министрлигинде чет өлкөдө окуу программалары боюнча маалымат жыйын өттү.
"
Бүгүнкү күндө министрлик чет өлкөлөргө кыргыз студенттерин бир канча макулдашуулар менен жөнөтөт. Азыр бизде бир нече өлкөлөр менен билим берүү тармагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Алардын ичинен 8 мамлекет бар. Беларусь, Казакстан, Кытай Эл Республикасы, Латвия, Орусия, Тажикстан жана Түркия. Мындан тышкары министрлик дагы бир нече европалык өлкөлөр менен келишимди кабыл алуу боюнча жумуштарды жүргүзүп келүүдө. Алардын ичинде Грузия, Малайзия, Япония, Словения, Болгария, Чехия, Дания, Франция жана башкалар бар.