Талант Бейшеев 34 жашта. Ал 5-6-октябрда өлкөбүздө орун алган башаламандыкта оң көзүнөн ажыраган. Андан бери эки айдын жүзү болсо да көзүндөгү ок али алына элек. Бейшеев операция жасатуу үчүн чет өлкөгө баруу керек. Бирок карапайым үй-бүлөдө азыр ага керектелүүчү чоң суммадагы каражат жок. Каарманыбыз азыркы жашоосу тууралуу баяндап берди.
Аман калганына шүгүр кылат...
Аты-жөнүм Талант Бейшеев, 34 жаштамын. Чүй облусунун тургуну болом. Шаарда батирде жакындарым менен турам. Бир үйдүн жалгыз эркек баласымын, кыз бир туугандарым бар. Буга чейин ар кандай жумуштарда, курулушта иштеп үй-бүлөмдү бакчумун. Азыр минтип отуруп калдым. Бирок, Кудай буюрса, бир көзүм менен деле иштеп, багам. Негизгиси жашоо уланып жатканы, аман калганым.
Чындык издеп...
Аябай намыскөй адаммын. Аянтка чыгуума да ошол сапатым түрткү болду. Жөн гана сыртта карап тургум келген жок. Ошол жерде акыйкат, чындык издеп, суукка карабай миңдеген адамдар жүрдү. Биз жаңыланууну каалаганбыз. Бирок азыр карасаң кайра эле баягылар келип алды. Ошол нерсе бир аз кейитет. Эгер дагы ошондой окуя болсо мен кайра да чыгам. Келечек үчүн көзүмдөн ажыраганыма өкүнбөйм.
Кендирди кескен акча
Азыр бир күнүмдүн көп бөлүгү ооруканадан оорукана издеп жүрүп өтүүдө. Ар кимиси ар кандай айтат. Бири окту алдыр десе, башкасы жүрө берсин дейт. Бирок операция үчүн көп суммадагы акча керектелет экен. А бизде азыр андай каражат жок. Мындай операция дагы чет өлкөдө гана жасаларын айтышууда. Акча табылса эле барып жасатмакмын. Кээде отуруп корком убакыттан уттуруп, экинчи көзүмө өтүп кетпейби деп.
Талант Бейшеевге жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү номерлерге байланышса болот. Элсом: 0556 69 09 90 Байланыш номери: 0703 310191