Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2020-жылдын 27-ноябрь күнү саат 11:59да, Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбаб айылында 3 баллга чейин, Жай-Терек, Оогон-Талаа, Гүмкана айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан