АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эгер шайлоочулар 14-декабрда анын атаандашы Жо Байденге добуш берсе, ал Ак Үйдөн кетүүгө макул болорун айтты.
"Албетте, кетем, силер муну билесиңер" деген Трамп.
Ошол эле учурда Трамп эгер шайлоочулар Байденге добуш берсе, алар ката кетиришерин баса белгиледи.
АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда болуп өттү. Бирок анын акыркы жыйынтыктары расмий түрдө чыга элек. Америкалык маалымат каражаттарынын билдиришинче, демократ Байден жеңиш үчүн жетиштүү шайлоочулардын добушун алган. Мындан тышкары көптөгөн дүйнөлүк лидерлер аны куттукташкан.