Биз социалдык тармакта

Аймактык музыкалык мектептерге музыкалык аспаптар тапшырылды

Бүгүн, 27-ноябрда П.Шубин атындагы Борбордук балдардын музыкалык мектебинде өлкөнүн аймактык музыкалык мектептерине музыкалык аспаптарды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аспаптарды тапшыруу аземи маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана Кытай Эл Республикасынын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвэндин катышуусу менен өттү. Аспаптар акысыз техникалык грант жөнүндө келишимдин негизинде берилип, мектептин жетекчилерине тапшырылды.
"Аймактарга бөлүнгөн аспаптардын жалпы суммасы 2 миллион 407 миң сомду түздү. Алар пианино, аккордеон, кларнет, флейта, труба, прима кыяк, виолончель, скрипка, саксафон жана гитаралардан турат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан