Конституциялык кеңешмеде каза болгондорду мамлекеттин эсебинен жерге берүү сунушталды. Бул тууралуу кеңешменин жыйынында Нурлан Шерипов билдирди.
"Бүгүн бир жаран көпчүлүктүн көйгөйүн жараткан маселени көтөрдү. Ал мыйзамга маркумдун сөөгүн жерге берүү үчүн мамлекет тарабынан акысыз жер берилишине, ошондой эле акысыз көмүүгө кепилдик бере турган норманы киргизүүнү сунуштады. Тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин чакырдык. Бул маселени талкуулап, изилдеп, чечим кабыл алабыз", - дейт ал.