Кийинки аптада парламентте "Социалдык фонддун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзам долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетте 10 маселе талкууланат. Социалдык фонд боюнча мыйзам долбоору жана 6-маселе каралат. Баяндаманы Социалдык фондунун төрагасынын орун басары аткарат.