Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алардын ичинен 1 медицина кызматкери кызыл зонадан жуктурган:
Бишкек шаары – 6
Чүй облусунда – 3
Ош шаары – 1
Ош облусунда – 1
Жалал-Абад облусунда – 1
Баткен облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 1 кызыл зонадан
Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 8 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында – 3 миң 879 учур катталса, алардын ичинен 3 миң 587 медкызматкер сакайган.