Биз социалдык тармакта

УКМК Садыр Жапаровдун тарапташтарынын социалдык тармактардагы агрессиясына кызыгып баштады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаровдун тарапкерлери деп эсептелген тараптардан агрессивдүү постторго жана социалдык түйүндөрдөгү коркутууларга байланыштуу чакырыктар жөнүндө билдирүү таратты.

Мекеме бул тууралуу президенттикке талапкерлигин койгон Бектур Асановдун сөзүн өзүнчө белгилеп, аны ашыкча эмоционалдуу деп баалаган. УКМК мындай билдирүү социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кадыр-баркына шек келтирет, коомчулукта нааразылык жаратат деп эсептейт.

"Башка жарандык активисттер жана саясий ишмерлер да жеңил пиар үчүн ушул сыяктуу фейк маалыматтарды таратып, кырдаалды атайылап курчутуп жатат. УКМК бардык укук коргоо органдары менен бул багытта тиешелүү жумуштарды аткарат. Буга байланыштуу бардык жактарды кандайдыр бир чагымчыл чакырыктарды, туура эмес маалыматтарды жана күмөндүү видеоматериалдарды таратуудан карманууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

УКМК коркутуу фактыларын укук коргоо органдарына тапшырууга үндөгөн.

Саясатчы Бектур Асанов 27-ноябрда басылмаларга берген маегинде Садыр Жапаровду сындагандарды жана президенттикке талапкерлигин койгон жарандарды, анын тарапкерлери "өлтүрүп кетебиз" деп коркутуп жатканын айтып, мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
baisogur
2020-11-28 14:17:55
Бектур Асанов Кыргыз Озбек урушта Кадыржан Батыровко ысык чай демдеп жургон жанында Жалабат Эли муну унутпай!
+16
bekalife
2020-11-28 15:06:36
Бектур Асанов менен Текебаевдин тили бир
+8
bekalife
2020-11-28 15:06:58
Текебаевдин сценарийин ойнойт ал акмак
+5
NURSAPAR
2020-11-28 16:46:36
Ушундай шакалдардын сөзүнө ишенбегиле. Сталин авам болгондо айтып аттырып таштамакмын эл душманы катары.
-3
asyl1998
2020-11-28 22:12:18
Туура азыр Садырдын фанаттарында бир да сабырдуулук калбай калды. Сын пикир айтсан эле коркутуп, жок кылабыз деп чыгышат. Бул аягы жакшы эмес
0
BarsBaatyr
2020-11-28 23:40:13
Акыркы 3 жылда Кара-Кулжалыкмын дегендер популярдуу болду эле. Эми Садырдын фанатымын дегендер популярдуу болуп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан