Биз социалдык тармакта

"Митинг күнү талкаланган". Жогорку Кеңеш техника сатып алууга 11 миллион сомдон ашык каражат жумшайт

Жогорку Кеңеш жаңы ноутбуктарды жана жыйындар залына керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн 11 миллион сомдон ашык каражатка тендер жарыялады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова SUPER.KG порталына билдирди.

"5-6-октябрь күнкү окуяларда Жогорку Кеңештин имаратындагы бардык техника, жабдуулар талкаланган. Булардын баарын кайрадан алуу үчүн тендер жарыяланып, мамлекеттик сатып алуулар порталына илинди", - деди Куралбекова.

Жалпысынан 143 ноутбук, анын ичинен 135и конференция залы үчүн ноутбук сатып алуу пландалууда. Мындан тышкары, парламент 12 LED-мониторду 71 миң 400 сомго сатып алат. Сатылып алынган оргтехникалардын тизмесине 54 персоналдык компьютер жана 47 принтер кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2020-11-28 20:09:07
Алышат да анан, тоноп кетип атышса.
+3
nazira...
2020-11-29 18:29:18
Ар бир депутат оздору алып берет деп журчу элем. Ошо оздоруно алдырбайбы эч нерсеси кемибейт эле. Уурдалбаган ноутбуктарды уурдалды деп кудай берет экен да кимисине болсо да.
0
AdylbekB84
2020-11-30 00:39:16
Биздин көк мээ чоңдор акылына келишпеди, митиңг- пикет башталганда эле баардык орг техникаларды ак -үйдүн жер төлөсүнө алып түшүп жашыргыла, билесиңер элибизде мал сыяктуу адамдар көп экенин! Ушуну менен 3 -ирет сатып алып жатасыңар, митиңг пикет дегенде жашырып жүргүлө эми! 6 айдан соң кайра дагы сатып алып жүрбөгүлө жаңы депутаттар келгенде!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан