Биз социалдык тармакта

БШК: "Кол топтоодо бир жаран бир эле талапкерди колдой алат"

Шайлоочулар талапкерлерди колдоп кол коюуга укуктуу, бирок бир жаран бир эле талапкерди колдой алат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мындай норма президентти жана депутаттарды шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамда камтылган.

"Талапкер БШКга аны колдой турган жарандардын тизмесин тапшырышы керек. Алардын саны кеминде 30 миң жана 60 миңден ашпашы талапка ылайык", - деп билдирет мекеме.

БШК кошумчалагандай, тизме шайлоочу тарабынан өз колу менен, кыскартылбастан толтурулат.

Шайлоочу өз каалоосу боюнча байланыш телефонун көрсөтүүгө укуктуу. Анын кол тамгасынын аныктыгын текшерүү үчүн, жазылуу тизмесин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ шайлоочуну чакырып, маалыматты тактоого укуктуу.

Эгерде жазылуулардын тизмесин текшерүүдө бир эле талапкердин талапкерлигин колдогон бир эле адамдын бир нече колу табылса, анда анын бир гана колу жарактуу деп эсептелет, калганы жараксыз деп табылат.

Президенттикке талапкерди колдогон кол топтоо баракчалары, шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документ менен кошо БШКга 3-декабрга чейин тапшырылышы керек.

БШК талапкерлерди каттайт. Катталгандан кийин эки календардык күндүн ичинде талапкер күбөлүк алат.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ika8086
2020-11-28 22:32:12
ИншАалах Садыр Жапаров президент болот.
+4
BarsBaatyr
2020-11-28 23:30:35
БШК силер ар башка маалымат берип тажаттыңар. Буйрук аткарыш боюнча эч кимди алдыга чыгарбайсыңар.
+1
interpol
2020-11-29 07:46:54
Садыр Жапаров президент болот буйруса!
+5
Chungyz
2020-11-30 07:11:57
Элдер жакшы ой менен алданбай шайлап алалы эми адашып бир Жексур Желмогузду шайлап алып отуруп калбайлы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан