Биз социалдык тармакта

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинде комитеттер аралык жыйын болду

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинде комитеттер аралык жыйын болуп өттү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, төрага Абибилла ажы Кадырбердиевдин жетекчилиги астында бүгүн Аалымдар Кеңешинин ичиндеги комитеттер аралык жыйын болуп, 2021-2026-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепсиясынын долбоору талкууланган.

"Дин аалымдары концепсиянын долбоорун кылдат окуган соң, бир нече багыттар боюнча сунуштарды даярдоо боюнча чечим кабыл алышты. Сунуштар жакынкы күндөрдө Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жазуу түрүндө билдирмекчи", - дешти мекемеден.

Эске салсак, аталган концепсия 2018-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында иштелип чыгып, экинчи беш жылдык баскычына өтүү астында турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asyl1998
2020-11-28 22:10:10
Кыргызстанды ашыкча диндештерип, фанатташтырып кереги жок. Бир гана билимге таянып жашаш керек. Жашоо озгорот, турмуш озгоруп турат. Ошого жараша коз караштарды озгортуу зарыл. Бизде диндешип кеткендер эски тушунуктуорду чындык катары ишенип алышкан.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан