Биз социалдык тармакта

Милициянын кайгуул кызматкерлери дайынсыз жоголгон жаранды таап беришти

Милициянын кайгуул кызматкерлери дайынсыз жоголгон жаранды таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

"2020-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарынын Баха көчөсүнөн 1981-жылы туулган С.А. аттуу жаран медицина борборунан чыгып кеткен боюнча дайынсыз, азыр издөлүүдө деген маалымат тараган. Бул маалымат боюнча милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына багыттама берилип, бул жаранды издеп табуу иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада, 29- ноябрда Правда жана Линейний көчөлөрүнүн кесилишинен таап, жакын туугандарына өткөрүп беришти. Өз кезегинде туугандары милициянын кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине ыраазычылыгын билдирди", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан