Президенттикке талапкер Садыр Жапаров Жети-Өгүз районунун Саруу айылына кудалыкка барды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдирди.
Айрым маалымат булактары Садыр Жапаровдун уулу үйлөнгөнүн жазышты. Эске салсак, Садыр Жапаровдун уулу Рустам былтыр октябрь айында үйлөнгөн. "Былтыр эки жаштын никеси кыйылып, кудалыкка Садыр Жапаров абактан чыкканда бармай болушкан. Кечээ күнү Садыр Жапаров Жети-Өгүз районунун Саруу айылына кудалыкка барды", - деп билдирди анын жакындары.