Биз социалдык тармакта

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркагандарга акысыз юридикалык көмөк көрсөтүү декадасынын алкагында жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Акжол Калбеков жактоочулар менен юристтер зордук-зомбулук боюнча атайын тренингдерден өтүп жатканын билдирди.

"Белгилүү болгондой, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка көбүнчө аялдар, кыздар, кичинекей балдар кабылат. Бул учурда биз жөн гана юридикалык көмөк эмес, сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүүгө басым жасайбыз. Ошондуктан бул темада иш алып барчу жактоочулар тренингдерге катышып, билимин тереңдетип жатат. 2020-жылдын 9 айынын ичинде зордук-зомбулукка кабылган аялдарга, кыздарга жактоочулук жардам көрсөтүлдү. Бул укуктук-консултациялык жардамдан тышкары. Мындан тышкары акысыз юридикалык жардам аскердик бөлүктөрдө кызмат кылгандарга дагы көрсөтүлөт", - дейт Калбеков.

Маалымат жыйыны учурунда акысыз жактоочулардын иш көрсөтүү сапаты тууралуу дагы айтылды.

"Биздин коомдо мамлекет тарабынан бөлүнгөн акысыз кызмат көрсөтүүчү жактоочуларга карата негативдүү мамиле жасалат. Бирок алар жарандарга акысыз кызмат көрсөткөнү менен, мамлекет тарабынан гонорар төлөнүп берилет. Бул үчүн мисалы, 2019-2020-жылдарга карата 60-70 миллион сом бөлүндү. Бул жактоочулар үчүн сапат жагынан стандарттар бекитилген. Ошол стандарттар аткарылбаса аларга гонорар төлөнбөй калат. Ошон үчүн жеке жактоочулар менен мамлекет тарабынан келишим түзүлөт", - деди Акжол Калбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asel69
2020-11-30 13:49:13
Бизде эркектер аял кишини суйуп жашоо учун эмес, жон гана кир жуудуруп, уйдогу туйшукту аялга оодарып салуу учун уйлонот. Озгочо айыл жергесинде. Молдо соройлор кыздарга эскиче динди тануулап, кызга эркек устомдук кылыш керек - деп эркектерди октоп коюшкан. молдолор "аялдар эркекке жугунуп турсун" - сыяктуу тушунукторду уйротуп жатышат. Мунун баары зомбулукка алып келет. Динде аялдар эч корголбойт. Кыздарга динди тануулабай, эркин жашоосун коргоп алууга уйротуш керек. Ан сезимин озгорт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан